"Кичи ГЭСтер - электр энергиясын өндүрүүнүн эң үнөмдүү жана экологиялык жактан коопсуз булагы",- деп билдирди премьер-министр Темир Сариев 9-мартта өкмөттөгү кеңешмеде.
Өкмөт башчысы бул багытта олуттуу иштерди аткаруу зарылдыгын белгиледи.
"Ири энергетикага салыштырмалуу кичи ГЭСтердин инвестициялык долбоорлору бир катар маанилүү артыкчылыкка ээ, мисалы, курулушту кыска мөөнөттө ишке ашыруу мүмкүндүгү бар. Кичи энергетиканын артыкчылыктарына электр энергиясынын төмөнкү өздүк наркын жана эксплуатациялык чыгымдарын, ГЭСтердин узак мөөнөттүү кызмат аткаруусун мисал келтирүүгө болот. Мындан тышкары кошумча кубаттуулуктарды түзүп, электр энергиясын пайдалануудагы жүктөмдү кыскартууга, чет элдик инвестицияларды тартууга, кошумча иш орундарын түзүүгө мүмкүндүк алабыз. Муну менен катар биз, эң негизгиси, электр энергиясын импорттоо көлөмүн кыскартууга жетише алабыз",- дейт Сариев.
Экономика министрлигине караштуу Инвестицияларды алга жылдыруу агенттигинин директору Алмаз Сазбаковдун билдиришинче, өлкөнүн бардык дайраларында кубаттуулугу 180 мегаватт-саатка жеткен 87 кичи ГЭС курууга мүмкүндүк бар.
"Учурда чет элдик инвесторлордон наркы 65 миллион доллар турган 6 кичи ГЭС куруу сунушу түшкөн. Кичи энергетика жаатында жалпы наркы 107 миллион долларлык 10 келечектүү долбоор инвесторлор тараптан каралууда. Кыргыз мамлекетинин майда дайраларында жылына 5-8 миллиард киловатт-саатка чейин электр энергиясын өндүрүп чыгуу мүмкүндүгү бар, ал эми азыркы учурда 3 пайыздан ашпаган энергия өндүрүлүүдө",- деди Сазбаков.