Жогорку Кеңеш өлкө аймагында травматикалык куралдарды жүгүртүү жүрүмүн ыраатка салуу максатында иштелип чыккан мыйзамды кабыл алды

Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын аймагында травматикалык куралдарды жүгүртүү жүрүмүн ыраатка салуу максатында иштелип чыккан “Курал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамды кабыл алды.

Өкмөттүн берген маалыматына караганда, өлкөдө курал сатыла турган 32 дүкөн, анын ичинде Бишкек шаарында 7 дүкөн бар. Ал эми калктын колунда 7618 даана травматикалык курал бар. Травматикалык курал мүнөзү боюнча газ куралга караганда кыйла оор жаракат келтирет. Мисалы, 2015-жылы травматикалык курал колдонуу менен жасалган 15 кылмыш катталды. Сунуш кылынган мыйзам долбоору жарандар травматикалык куралдарды сатып алгандан кийин аны жүгүртүү жүрүмүн көзөмөлдөөгө, анын ээсинин жоопкерчилигин күчөтүүгө өбөлгө түзөт.

Куралдын бул түрү КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренесиндеги дүрмөтсүз жана газ куралдардын катарына кирет, аны мыйзамсыз жүгүрткөндүгү үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан