Келдибековдун соту. Соттук коллегия өкүмдү чыгарууга кеңешүү бөлмөсүнө кирди

Бүгүн, 11-мартта Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Ахматбек Келдибековдун иши боюнча соттук отурум өтүүдө. Анын жүрүшүндө айыпталуучу соттогу акыркы сөзүн айтты.

"Биз соттук процесстин жүрүшүндө эки эпизод боюнча күнөөсүз экенимди далилдей алдык деп ойлойм. Бул кылмыш иши болжолдор жана божомолдорго таянып даярдалганын далилдедик. Мен мыйзамдуулук жеңет деп ишенем. Сот мыйзамдуу чечим чыгарат деп үмүттөнөм",- деди Келдибеков.

Андан соң соттук коллегия өкүмдү чыгарууга кеңешүү бөлмөсүнө кетти.

Кечээки соттук отурумда прокурор Асаналы Иманбеков Келдибековду 10 жылга эркинен ажыратууну суранган. Адвокат Татьяна Чильникина "Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Ахматбек Келдибеков бир да эпизод боюнча күнөөлүү эмес, ал толук акталышы керек" деп соттук коллегиядан суранган.

Эскерте кетсек, 2015-жылдын 12-ноябрында Бишкектин Биринчи Май райондук соту экс-депутат Ахматбек Келдибековду Салык кызматындагы иши боюнча актаган. Ал эми Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачуу ишинде күнөөлүү деп табылып, 3 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан