Жогорку Кеңештин мурунку спикери Ахматбек Келдибеков Бишкек шаардык сотунун чечимине макул же макул эместигин ачык айтпады. Сот өкүмү чыккандан кийин экс-депутат жогорку инстанцияга арызданары же арызданбасы тууралуу суроого "карап көрөбүз" деген жооп узатты.
Белгилей кетсек, Бишкек шаардык соту бүгүн, 11-мартта Келдибековго козголгон кылмыш иши боюнча өкүм чыгарып, айыпталуучуну 10 миллион сом төлөөгө милдеттендирди. Биринчи эпизод боюнча 5 миллион, экинчи эпизод боюнча 5 миллион сом, жалпы 10 миллион сом төлөмөй болду.