Кыргыз мамлекетинен Сириядагы согушка кеткен беш жүздөй кыргыз өлкөсүнүн жарандарынын 10 пайыздайы 14 жашка чейинки балдар. Аталган өлкөгө кеткендердин саны барган сайын өсүүдө. Маалымат 11-мартта парламентте КСДП фракциясынын жыйынында айтылды.
УКМКнын төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыков көп балдар уурулук сыяктуу майда кылмыштар үчүн жоопкерчиликке тартылып, андан оор кылмыш кылгандар мыйзам жоопкерчилигинен сырткары калып жатканын белгиледи. “Диний экстремизм жана эл аралык терроризм кылмыштарына карата жаза чараларын катаалдаштыруу зарыл. Биз бул багытта комплекстүү чараларды көрүшүбүз керек. Көптөгөн эрезеге жете элек балдар ата-энелеринин, башка жакындарынын таасиринде калышууда. Ошондуктан алардын да жоопкерчилигин кароо зарыл”,- деген Мамасадыков депутаттардан аталган багытта кылмыш кылгандардын жазасын катаалдатуу максатында сунушталган мыйзам долбоорун тездетип кабыл алып берүүнү өтүндү.
Мындай демилгени ИИМдин өкүлү да колдоду.
Белгилей кетсек, демилгеленип жаткан “Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорунда диний экстремизм жана эл аралык терроризм кылмыштарына кандайдыр бир деӊгээлде катышы бар балдарга 14 жаштан тарта жаза жоопкерчилигин кароо, аталган кылмыштар боюнча калган жаза чараларын да катаалдаштыруу демилгеси сунушталууда. Учурдагы мыйзамда мындай кылмыштар үчүн 16 жаштан төмөнкүлөрдү жазык жоопкерчилигине тартууга мүмкүн эмес.