Президент Алмазбек Атамбаев 10-мартта “Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө” жарлыктарга кол койду.
Мамлекет башчынын төрт жарлыгы Кыргыз Республикасынын жарандыгына 2439 адамды кабыл алуу тууралуу. Алардын басымдуу бөлүгү этникалык кыргыздар – тарыхий мекенине кайтып келген Өзбекстандын жана Тажикстандын мурдагы жарандары.
Президенттин дагы бир жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын жарандыгынан 1010 адам чыгарылат.