Алмазбек Атамбаев Чехия парламентинин спикери менен жолугушту

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 16-мартта Бишкекке иш сапары менен келген Чехия парламентинин төрагасы Ян Гамачек менен жолугушту. Президент өлкөлөр ортосундагы тыгыз достук мамиленин негизи СССР мезгилинде эле калыптанганын, Кыргыз Республикасы кыргыз-чех кызматташтыгын өнүктүрүүгө зор маани берерин белгиледи.

Чехия спикери Бишкекке болгон иш сапары эки тараптуу мамилелерди жандантууга түрткү берерине үмүттөнөрүн билдирди. Кыргыз мамлекетинин демократияны бекемдөө жаатындагы жетишкендиктерин белгилеп, Кыргыз Республикасы адилеттүү шайлоо өткөрүү боюнча аймактагы уникалдуу өлкө экенин айтты.

Жолугушууда Бишкекте өтүүчү Кыргыз-чех бизнес-форуму тууралуу да пикир алышуу болгонун билдиришти президенттик аппараттан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан