Өнөр жай ишканаларына суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн төлөмдөр киргизилүүдө

Бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Суу кодексине, “Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактары жөнүндө”, “Суу жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча мыйзам долбоору 2-окууда каралды.

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин төрагасы Мирлан Бакировдун айтымында, бул мыйзам долбоорунун максаты - өнөр жай максатындагы суу ресурстарын пайдалануу үчүн төлөмдөрдү киргизүү процедурасын жөнөкөйлөтүү. "Долбоор аркылуу Баш мыйзамга ылайык келтирүү максатында аракеттеги мыйзамдардан Жогорку Кеңештин компетенциясындагы жаратылыш ресурсу катарында сууну пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн белгилөө алынып, өкмөткө берилүүдө",- деди депутат.

Талкууда депутат Аида Салянованын сунушу менен өзгөчө абалдын зоналары жана экологиялык кырсык зоналары деп жарыяланган суу объектилеринин жана суу чарба курулуштарынын укуктук режимин белгилөө жана сууларды пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрдүн негизги өлчөмдөрүн, ошондой эле төлөмдөрдү өндүрүп алуу боюнча жеңилдиктерди белгилөө Жогорку Кеңештин компетенциясында калтырылып жатканы белгилүү болду.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан