Балыкчы – Тамчы – Корумду унаа жолун, «Манас» аэропорту жолун калыбына келтирүүгө, малды идентификациялоого техникалык жабдууларды сатып алууга жарыяланган тендерлердин мыйзамдуулугун иликтөө боюнча Жогорку Кеңештин депутаттык убактылуу комиссиясынын иштөө мөөнөтү 2016-жылдын 4-майына чейин узартылды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, депутаттык комиссиянын курамы төмөнкү депутаттар менен толукталды:
КСДП фракциясынан Узарбек Жылкыбаев, Гүлкан Молдобекова, Искендер Матраимов;
«Республика – Ата Журт» фракциясынан Максат Сабиров, Таабалды Тиллаев;
«Кыргызстан» фракциясынан Кубанычбек Нурматов.
Эске салсак, буга чейин депутаттык комиссиянын курамына депутаттар Канатбек Исаев («Кыргызстан»), Өмүрбек Текебаев («Ата Мекен»), Абылкайыр Узакбаев («Өнүгүү – Прогресс»), Талант Мамытов («Республика – Ата Журт») кирген.