Президент Ош шаарынын жана Ош облусунун активи менен жолугушту

Президент Алмазбек Атамбаев 16-мартта Ош шаарынын жана Ош облусунун активи менен жолугушту.

Мамлекет башчы өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги багыттары, ишке ашырылып жаткан ири инфраструктуралык долбоорлор тууралуу айтып, калкты өзгөчө айыл чарба багытындагы долбоорлорду насыя менен камсыздоо пландарына токтолду. Азыркы учурда аймактардагы көйгөйлүү делген - ишкерлер жана элет эмгекчилерине жеңилдетилген насыяларды берүү, унаа жолдорун куруу, элди таза суу менен камсыздоо маселелерин чечүү зарылдыгын белгиледи.

Президент кыргыз өлкөсү өнүгүү жолуна түшкөндүгүн айтуу менен бирге көздөгөн максаттарга жетүүнүн эң негизги өбөлгөсү элдин биримдиги жана өлкөдөгү туруктуулук экенин белгилегенин билдиришти президенттик аппараттан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан