Бүгүн, 17-мартта өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Ошко болгон сапарын жыйынтыктап, Жалал-Абад облусунун Аксы районуна келди. Учурда президент Аксы окуясында курман болгондорду эскерүүгө катышып жатат. Алгач курман болгондор үчүн тургузулган эстеликке гүлчамбар коюлуп, куран окулду. Андан кийин өлкө башчы сөз сүйлөөгө киришти. Иш-чарага облус башчысы, коомдук активисттер, Аксы окуясынын катышуучулары катышууда.
Эске салсак, 2002-жылы дал ушул күнү Аксыда көтөрүлүш чыккан. Алар ошол кезде камакка алынган Азимбек Бекназаровду бошотууну талап кылышкан. Бирок күч органдары элге ок чыгарып, 6 адам каза болгон.