2002-жылдын 17-марты, 2005-жылдын 24-марты жана 2010-жылдын 7-апрелинин бири да кызыл күн катары белгиленбегени, президенттин ою боюнча, туура эмес

2002-жылдын 17-марты, 2005-жылдын 24-марты жана 2010-жылдын 7-апрелинин бири да кызыл күн катары белгиленбегени, президенттин ою боюнча, туура эмес. Бул тууралуу Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-мартта Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасында айтты.

"2002-жылдын 17-марты, 2005-жылдын 24-марты жана 2010-жылдын 7-апрели кыргыз элинин адилеттүүлүккө, эркиндикке карай басып өткөн татаал, кандуу жолдун эң маанилүү, эң сыймыктуу күндөрү. Бир оор жолдун үч ашуусу. Ошондуктан бул күндөр мамлекет тарабынан расмий белгиленген күндөрдүн катарында сөзсүз орун алышы керек. Антпесек болбойт. Мисалы, жылдын башында Улуттук китепкана түзгөн тийиштүү тизмеге ушул күндөрдүн бири кирбей калыптыр. Бул абдан туура эмес деп, тизмени оңдоттурдук. Анткени Аксы окуялары болбогондо, Март жана Апрель революциялары болбогондо, өлкөбүздүн келечеги бүдөмүк болмок. Бул күндөр кыргыз элинин тарыхындагы эң маанилүү күндөрдүн бири.

Ошондуктан, менин оюмча, бул күндөр майрам күндөрүнүн катарына кирбесе да, расмий белгиленген күндөрдүн катарына кирип, мектеп китептеринде, календарларда сөзсүз орун алышы керек. Орусча айтканда, эти дни должны быть красными днями календаря. Бул биздин парзыбыз",- деди президент.

Эскерүү иш-чарасынан соң президент тургундар менен сүрөткө түшүп, алар менен баарлашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан