2016-жылдын январь-февраль айларында Мамлекеттик салык кызматы салыктардан 10 миллиард 169 миллион 600 миң сом чогултту. Мекеме план 100,2 пайызга аткарылганын билдирүүдө. 2015-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын түшүүсү 2 миллиард 629 миллион 300 миң сомго же 34,9 пайызга жогорулаган.
ЕАЭБдин алкагында кыйыр салыктар пландагыдай 2 миллиард 486 миллион 200 миң сом эмес, 2 миллиард 777 миллион 700 миң сом түшкөн. План 111,7 пайызды түзүп же 291,5 миллион сомго ашык аткарылганы айтылат маалыматта.