Жогорку Кеңештин 17-марттагы жыйынында парламенттик оппозициядан вице-спикер кызматына Алтынай Өмүрбекова ("Республика - Ата Журт") шайланды. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгына ылайык, анын талапкерлигине 72 депутат "макул" деп добуш берди. Өмүрбекованын атаандашы Чолпон Жакупова ("Бир бол") 41 добуш топтоду.
Айта кетсек, Жогорку Кеңеште төраганын эки орун басары болушу керек: бири коалициялык көпчүлүктөн, экинчиси оппозициядан. Парламенттин төрагасы - Асылбек Жээнбеков, коалициялык көпчүлүктөн анын орун басары - Нурбек Алимбеков. Жогорку Кеңештин коалициялык көпчүлүгүнө 4 фракция (КСДП, "Кыргызстан", "Ата Мекен", "Өнүгүү-Прогресс"), оппозициясына 2 фракция ("Республика - Ата Журт", "Бир бол") кирет.