Жогорку Кеңеш Эрлан Алимбаевди акыйкатчынын орун басарлыгына шайлады

Жогорку Кеңештин бүгүн, 17-мартта өткөн жыйынындагы электрондук жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын орун басары кызмат ордуна Эрлан Алимбаев шайланды.

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жалпы депутаттардын атынан Эрлан Алимбаевди аталган кызматка шайланышы менен куттуктап, анын ишине ийгиликтерди каалады. Ал эми Эрлан Алимбаев чоң ишеним көрсөткөнү үчүн өз кесиптештерине ыраазычылык билдирип, элдин кызыкчылыгы үчүн гана иштеп, ар дайым акыйкат болууга убада берди.

Белгилей кетсек, Эрлан Абдылдаев 1979-жылы Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарында туулган. Жогорку билимдүү, Ош мамлекеттик университетин юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн. Ал бир катар эл аралык уюмдарда иштеп тажрыйба топтогон. Акыркы мезгилде Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Жунус уулунун кеңешчиси болуп иштеп турган. Мыйзамга ылайык, ал Жогорку Кеңеште ант бергенден кийин өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан