Тарых жана маданият жылын, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө 1,8 миллиард сом бөлүнүүдө

Тарых жана маданият жылын, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө 1,8 миллиард сом бөлүнүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн 17-марттагы жумушчу жыйынында каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жыйындын күн тартибинде кечиктирилгис социалдык чыгымдарды өз убагында бөлүп берүү жана Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралды. Иш-чарада премьер-министр Темир Сариев Тарых жана маданият жылынын алкагында аткарылчу иш-чараларды өз убагында аткарууга көңүл бурууга чакырды. "Өкмөт мүчөлөрүнүн өзүнө жүктөлгөн жоопкерчилик толугу менен аткарылууга тийиш. Берилген тапшырмалар жана аларды сапаттуу аткаруу тартибине өзгөчө көңүл бурулат",- деди өкмөт башчы.

Жыйындын жүрүшүндө кечиктирилгис чыгымдарды өз убагында бөлүп берүүнүн алкагында Тарых жана маданият жылын жана II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүүгө каралган каражаттарды макулдашуу маселеси талкууланды.

Каржы министри Адылбек Касымалиевдин маалыматы боюнча, бул иш-чараларды өткөрүү жана даярдык көрүүгө 1,8 миллиард сом бөлүнүүдө. Керектелген каражатты каржылоо булактары табылып, тийиштүү органдар тарабынан макулдашуудан өткөн.

Премьер-министр Темир Сариев бул иш-чараларды өткөрүүнүн мааниси чоң экенин белгилеп, бөлүнгөн каражатты натыйжалуу пайдаланууну тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан