Жогорку Кеңеш 17-мартта "Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам кабыл алды. Демилгечилердин билдиришинче, мыйзамдын негизги максаты - Кыргыз Республикасынын бардык онкологиялык оорулуу жарандары акысыз дарыланат деген жобого өзгөртүү киргизүү.
Мыйзам аркылуу онкологиялык оорулууларга жардам көрсөткөн саламаттык сактоо мекемелеринде акысыз дарылануу укугуна ээ жарандар, кошумча төлөмдөр шарты менен медициналык жардам алуучу адамдардын тизмеси аныкталып, кошумча төлөмдөрдүн өлчөмү белгиленген. Ошондой эле түшкөн кошумча төлөмдөрдүн көлөмүн көзөмөлгө алуу жана анын мамлекеттик органдар менен коомчулук тарабынан пайдалануу механизмдери каралган.
Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев Улуттук онкология борборунун көз карандысыз эксперттеринин маалыматына ылайык, жылына 7250 адам дарыланарын айтты. Химиотерапияны кошпогондо, 1 оорулуу адамдын дары-дармектери орточо 22 500 сом деп белгиленген. Республикалык бюджеттин жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун дары-дармектер боюнча каржылоосу орточо 2475 сомду (11 пайыз) түзөт. Жетпей калган каражат оорулуу адамдардан алынат. Мындай төлөмдөрдүн өлчөмүнүн чектелбегени элдин нааразылыгын жаратып жатканы айтылды.
Талкууда онкологиялык ооруларды дарылоого бюджеттен 120 миллион сом каралганы, андан тышкары кайрымдуулук уюмдарынан кошумча акча түшөрү, жалпысынан 200 миллион сомдой акча топтолору маалымдалды. Парламент депутаты Садык Шер-Нияз онкологиялык ооруларды дарылоо багытында 2016-жылдын республикалык бюджетинен кошумча 100 миллион сом суралганын, бирок бюджет тартыштыгына байланыштуу өтүнүч аткарылбай калганын кошумчалады.