Алмазбек Атамбаев Чек ара кызматынын төрагасын кабыл алды

Бүгүн, 18-мартта президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Райимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда мамлекет башчы өлкөнүн сырткы чектеринин кол тийгистигин камсыздоо милдеттерин аткаруу үчүн мамлекеттик чек араны коргоо жана чыңдоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалыматты укту.

"Райимберди Дүйшөнбиев мамлекеттик чек арада көзөмөлдөөчү-өткөрүүчү бекеттерди заманбап жаңылоо иштеринин жүрүшү жөнүндө айтып берди. Президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик чек ара кызматына чек ара бөлүктөрүнүн аскердик күжүрмөндүгүн андан ары арттыруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан