Бир катар президенттер Алмазбек Атамбаевди Нооруз майрамына карата куттукташты

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди жана кыргыз элин бүгүн, 18-мартта бир катар өлкөлөрдүн президенттери Нооруз майрамы менен куттукташты. Президенттик аппараттан билдиргендей, Ооганстандын президенти Мохаммад Ашраф Гани, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Кытайдын лидери Си Цзиньпинден куттуктоо телеграммалары келди.

Ооганстандын президенти келе жаткан жаңы жылда мамлекеттер жана элдер ортосундагы достук мамилелер эки тараптын кызыкчылыктары үчүн өнүгө берерине ишенимин билдирди. Ал эми Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин куттуктоосунда булар айтылды: “Казакстан менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелер мындан ары да бекемдей берерине ишенем".

Президенттер Кыргыз Республикасынын башчысына бекем ден соолук, өлкөгө гүлдөп-өнүгүү каалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан