ЖЫЛНААМА, 19-МАРТ: Мындан 37 жыл мурун мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаков каза болгон

Мындан 37 жыл мурун, 1979-жылы 19-мартта Кыргыз Республикасынын КП (б) БКнын биринчи катчысы, мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаков 69 жашында каза болгон.

Исхак Раззаков 1910-жылы Лейлек районуна караштуу Коросоң айылында туулган. Шахтёрдун үй-бүлөсүнөн. 1918-жылдан тарта Ленинабаддагы балдар үйүндө тарбияланган. Ташкенттеги техникумду, Москвадан Пландоо институтун бүтүргөн. Өзбек ССРинде: 1936-1938-жылдары Мамлекеттик пландоо комитетинде экономист, 1939-1941-жылдары комитеттин төрагасынын орун басары, 1941-1944-жылдары агартуу министри, ЭКС төрагасынын орун басары, 1944-1945-жылдары КП БКнын катчысы болуп иштеген. Ал эми 1945-1950-жылдары Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы, 1950-1961-жылдары Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы болгон. Исхак Раззаков 1961-жылдан тартып Москвада Экономикалык советтин мүчөсү, Пландоо комитетинин аппаратында кызмат өтөгөн. Ошондой эле КПССтин съездине делегат, СССР Жогорку Советинин бир нече чакырылышында депутат болгон. Исхак Раззаков 2 Ленин, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш, мындан башка орден жана медалдар менен сыйланган.

19-марттын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан