Улукбек Марипов Эсептөө палатасынын төрагасы болуп дайындалды (толукталды)

Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун 19-мартта президенттик аппараттан билдиришти.

Эскерте кетсек, Улукбек Марипов 18-мартта президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары кызматынан бошотулган.

У.Марипов 1979-жылы 30-августта Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айылында туулган. Кыргыз, орус тилдерин билет. Акыркы ээлеген кызматтары - президенттин жардамчысы, президенттик аппараттан башчысынын биринчи орун басары.

Эсептөө палатасын буга чейин Элмира Ибраимова жетектеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан