Темир Сариев авиакырсыкка байланыштуу Дмитрий Медведевге көңүл айтты

Премьер-министр Темир Сариев Орусиядагы авиакырсыкта каза болгон Жылдыз Насирдинованын жана башкалардын жакындарына көңүл айтты. Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведевге жолдогон катында премьер: "Ростов-на-Донудагы жүргүнчү учагынын кыйрашына байланыштуу көптөгөн адамдардын курман болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым",- деп билдирди.

Эскерте кетсек, Ростов-на-Дону шаарында Дубайдан учуп келген учак аба майданына коно албай, учактын экипаж мүчөлөрү жана 55 жүргүнчүсү каза тапты. Кырсыкка учураган Boeing-737-800 үлгүсүндөгү учак дубайлык "FlyDubai" компаниясына таандык болгон. Алдын ала маалыматтарга ылайык, учак аба майданына коно албай, экинчи жолку аракетинде аэропорттун аймагына кулап, жарылган. Айрым эксперттердин айтымына караганда, учактын күйүүчү майы түгөнүп, кырсык ошол себептен да болушу мүмкүн. Себеби кырсыктаган учак аба ырайына байланыштуу коно албай, абада көп убакыт болгон деп болжолдонууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан