Өкмөттө кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал талкууланды

Бүгүн, 21-мартта Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин төрагалыгы алдында укук коргоо органдарынын, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы, Коргоо кеңешинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, УКМКнын жетекчилигинин катышуусу менен жыйын өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы жарыялады.

Маалым болгондой, жыйында чек арадагы жана өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал талкууланды. "Жыйындын жүрүшүндө тиешелүү органдардын жетекчилери өлкө чек арасындагы абал жана аны бекемдөө аракеттери боюнча маалымат беришти. Маалыматка ылайык, өлкө чек арасындагы коопсуздукту күчөтүү боюнча иш-аракеттер улантылууда. Премьер-министр Темир Сариев өлкө чек арасын бекемдөө боюнча чараларды күчөтүү тапшырмасын берди",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан