Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 22-мартта Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров жана өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Жаныбек Капаров менен кеңешме өткөрдү. Мамлекет башчыга улуттук коопсуздукту камсыздоо жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөө аракеттери тууралуу маалымат берилди.
Президенттик аппараттын билдиришинче, аталган органдардын башчылары мамлекеттик чек араны коргоону жана кайтарууну күчөтүү, чек ара коопсуздугун камсыздоо жаатында жасалып жаткан иштерди айтып беришти.