Алмазбек Атамбаев: "Бүгүн кыргыз мамлекетинде бийликти күч менен басып алууга негиз жок"

Президент Алмазбек Атамбаев 2005-жылдын 24-мартындагы революциянын 11 жылдыгына байланыштуу кайрылуу жасады. Өлкө башчынын кайрылуусунда булар айтылды:

“Урматтуу мекендештерим!

2005-жылы 24-марттагы Элдик революцияга бүгүн 11 жыл болот. Март революциясы катары элдин эсинде калды. Ал эми дүйнө жүзү аны “Жоогазын революциясы” деп билет. Анткени ошол күнү демонстрацияга катышкан көп адамдар колдоруна жоогазын гүлдөрүн жана ушул жадыраган жаз гүлүнүн сүрөтү бар плакаттарды алып чыгышкан эле.

Акаевдин үй-бүлөлүк бийлигин бүтүндөй кыргыз мамлекетинин эли жек көрүп калган болчу. Ошондуктан ал качканда бүт өлкө эли кубанычы койнуна батпай сүйүнгөн.

2005-жылдын 24-марты Кыргыз Республикасынын тарыхында эң жаркын күндөрдүн бири катары кала турган жөнү бар эле. Бирок ошол күнү кечинде борбор шаарыбызды селдей каптаган талап-тоноочулук элдин кубанычын суу сепкендей өчүрдү. Тилекке каршы, кийинчерээк революциянын жеңиши толук уурдалып кеткенин билген элдин көңүл калуусунда чек жок эле. Бийликке келген Бакиевдин үй-бүлөсүнүн жана анын жан жөкөрлөрүнүн чыныгы ач көз жана мыкаачы жүзү элдин кыжырын келтирди.

Март революциясынан кийин беш жыл өткөндө, 2010-жылы 7-апрелде айласы түгөнүп, үмүтү үзүлгөн эл экинчи үй-бүлөлүк-кландык режимди да кулатты.

Апрель элдик революциясынын шарапаты менен алты жыл арасында зор иштер жасалды. Бүгүн кыргыз өлкөсүндө бийликти күч менен басып алууга себеп да, негиз да жок. Кыргыз мамлекетинде бийликти демократиялык эркин шайлоо жолу менен алмаштыруу мүмкүн экенине элдин көзү жетти. Бардык саясатчыларга жана саясий партияларга өз дареметин сыноого жана шайлоолорго катышуу үчүн шарттар бар. Өткөн жылдагы парламенттик шайлоолордун таза өткөнүнө бүт дүйнө күбө болду. 2017-жылы өлкөнүн жаңы президентин шайлоо да ачык жана таза өтөрүнө ишенем.

Ошондуктан айрым саясатчылардын коомдук-саясий кырдаалды курчутуу, чагымчылдык жана тополоңдор менен бийликке келүү максаттары тууралуу акыркы маалыматтар сиздер сыяктуу эле мени да ирээнжитти. Албетте, алардын мындай аракеттерине саясатта жолу болбогондордун куру кыялы катары мамиле жасап, көңүл бурбай деле койсок болмок. Бирок кимдир бирөөлөрдүн карапайым калкты мыйзамдарды бузууга жана баш аламандыктарга түртүп, адамдарыбыздын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтиришине, ошондой эле өлкөдөгү тынчтыкты жана туруктуулукту бузушуна кымындай да мүмкүнчүлүк берүүгө акыбыз жок.

Анын үстүнө бул саясатчы сөрөйлөр билип-билбей мамлекетибиздин улуттук кызыкчылыгына, өлкөнүн коопсуздугуна доо кетиришүүдө.

Кыргыз мамлекети жаңыдан гана туруктуу өнүгүү жолуна түштү, бакубат жана өнүккөн өлкөгө айлануу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрү бар. Азыр саясатчылар эле эмес, ар бир жаран өз мамлекетинин мындан аркы тагдырына күйүп-быша турган мезгил келди. Биз келечекте кыргыз өлкөсү азап менен жеткен эркиндиктерди кубаттуу экономика жана өз жарандарынын бакубатчылыгы менен бекемдөөгө жөндөмдүү, мыйзамды сыйлаган өлкө экенин бүт дүйнөгө далилдейбиз. Же мыйзамсыздыкка моюн сунуп, мамлекет катары бутуна туруп кете албаган көптөгөн өлкөлөрдүн бири катары дүйнө тарыхында калабыз.

Кымбаттуу мекендештерим!

2002-жылдын 17-марты, 2005-жылдын 24-марты жана 2010-жылдын 7-апрели кыргыз элинин адилеттикке, эркиндикке карай басып өткөн татаал, кандуу жолдун эң маанилүү, эң сыймыктуу күндөрү. Бир оор жолдун үч ашуусу. Биз муну унутпашыбыз керек. Бийлик да, коом да бул окуялардан сабак алууга милдеттүү.

Сүйүктүү өлкөбүздүн асманы ар дайым ачык болсун!

Өлкөбүз гүлдөп, ар бир үйгө кут түшүп, береке орносун!"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан