Азиялык Шахмат федерациясы кыргызстандык спортчуларга колдоо көрсөтүүдө. Тактап айтканда, КРнын Шахмат федерациясына 150 шахмат топтомун жана 10 шахмат саатын белекке беришти. Мындай акысыз жардам берүү тууралуу аталган эки федерациянын башчыларынын февраль айындагы жолугушуусунда сүйлөшүлгөн. Берилген жардам шахматтын популярдуулугун жогорулатуу жана анын Кыргызстандагы ордун кеӊейтүүгө багытталган.