Жогорку Кеңештин 31-марттагы жыйынында депутат Кожобек Рыспаев былтыр электр энергиясынын кымбаттаганы тууралуу маселени көтөрдү.
"2015-жылы парламенттик шайлоо алдында өкмөт электр энергиясынын баасын кымбаттаткан. Мен тариф саясаты боюнча суроону өкмөткө жөнөткөн элем. Жомоктой жооп жазып жиберишти. Мага энергетика тармагындагы көйгөйлөрдү атап чыгышты",- деди Рыспаев.
Андан соң депутат бул маселени өкмөт карап, электр энергиясынын баасы арзандашы керек экенин баса белгиледи.