Бүгүн, 7-апрелде президент Алмазбек Атамбаев өлкөгө иш сапары менен келген Таиланд ханбийкеси Маха Чакри Сириндхорн менен жолугушту. Президенттик аппараттан билдиришкендей, жолугушууда маданий-гуманитардык, билим берүү жана туризм чөйрөлөрүндөгү Кыргыз Республикасы менен Таиланддын ортосундагы кызматташтыктын маселелери талкууланды.
Мамлекет башчысы Таиланд ханбийкеси менен жылуу учурашып, анын Кыргыз Республикасына биринчи иш сапары өлкөлөр ортосундагы кызматташуунун өнүгүүсүнө жаңы дем берерине үмүттөнөрүн билдирди.
Президент Алмазбек Атамбаев жана Таиланд ханбийкеси Маха Чакри Сириндхорн эки өлкө ортосундагы өз ара аракеттешүүнү активдештирүүнүн зарылдыгын жана ар кыл чөйрөлөрдөгү эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүнүн маанилүү экендигин белгилешти.
Жолугушууга президенттин жубайы Раиса Атамбаева да катышты.