"Темир Сариев өз каалоосу менен премьер-министрликтен кетүү жөнүндө арызды жазган жок" дейт басма сөз катчысы

Темир Сариев өз каалоосу менен премьер-министрликтен кетүү жөнүндө арызды жазган жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өкмөт башчынын басма сөз катчысы Бакыт Асанов кабарлады. Маалым болгондой, Т.Сариев учурда жумуш ордунда.

Айта кетсек, айрым массалык маалымат каражаттары бүгүн өкмөттүн отставкага кетери тууралуу жазып чыгышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, өкмөт башчы Т.Сариев отставкага кетүү жөнүндө арызын президентке жөнөтмөкчү. Бирок президенттик аппараттын маалымат-саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, премьер-министр Темир Сариевдин өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арызы президент Алмазбек Атамбаевге келген жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан