Балыкчы - Корумду унаа жолун оңдоп-түзөө иштерин текшерүү боюнча парламенттин депутаттык комиссиясынын үзгүлтүккө учураган отуруму Ак үйдүн 7-кабатында "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаевдин бөлмөсүндө улантылды. Отурум жабык эшиктин артында өттү. Жыйынга катышкан депутаттарга тендер боюнча кагаздар таратылып, кийинки отурум 11-апрелде өтөрү айтылды.
Айта кетсек, бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин Балыкчы - Корумду унаа жолун оңдоп-түзөө иштерин текшерүү боюнча депутаттык комиссиясынын отуруму үзгүлтүккө учураган. Комиссиянын төрагасы Кубанычбек Жумалиевдин ("Бир бол" фракциясы) айтымында, буга тиешелүү материалдардын жоктугу себеп болду.
Аталган депутаттык комиссиянын айрым мүчөлөрү Балыкчы - Корумду унаа жолун оңдоп-түзөө иштери боюнча тендер мыйзамсыз өткөрүлгөнү үчүн премьер-министр Темир Сариевди айыпташкан. Т.Сариев өз кезегинде бул маселеге тиешеси жок экенин билдирген. Президенттин тапшырмасы менен Улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматы аталган тендер боюнча текшерүү иштерин жүргүзүүдө.