Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын жана көпчүлүк коалициянын лидери Чыныбай Турсунбеков Балыкчы – Корумду унаа жолунун курулушуна байланышкан чуу боюнча билдирүү таратты. Анда өкмөт башчы Темир Сариев кызмат ордун бошото турган болсо, бул тиешелүү органдардын ишти объективдүү иликтөөсүнө шарт түзөрү жазылат. Ошондой эле премьер-министрдин арыз жазып, кызматынан кеткени өлкөнүн өнүгүү жолунда баратканынан кабар бермек.
Балыкчы – Корумду унаа жолунун курулушу боюнча тендердин мыйзамдуу же мыйзамсыз экенин аныктоо үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын бүтүмүн угуу 12-апрелге калтырылды.