2006-жылы 9 -апрелде Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан
Рысбек Акматбаев №69-Балыкчы округунан 79,22 пайыз добуш топтогон. Ошентип, эгемен кыргыз өлкөсүнүн тарыхында биринчи жолу уюшкан кылмыштуу топтун лидерине парламент депутаттыгына мандат алууга жол ачылган. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы Рысбек Акматбаевге анын үч оор кылмышы боюнча соттук иши бүтмөйүнчө ага мандат берүүдөн баш тарткан.
Рысбек Акматбаев ошол эле жылдын 10-майында киши колдуу болуп көз жумган.