Президенттин жарлыгы менен 17 судья жергиликтүү соттордун судьялык кызматына дайындалды

Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан президент Алмазбек Атамбаевге Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад, Майлуу-Суу жана Таш-Көмүр шаардык сотторуна, Ноокен, Сузак, Тогуз-Торо, Токтогул жана Чаткал райондук сотторуна, Ош облусунун Ош шаардык сотуна судьялык кызматка дайындоо үчүн 24 талапкер боюнча сунуштар киргизилген. 29-мартта мамлекет башчы айрым талапкерлер менен аңгемелешти. Анын жыйынтыгын жана кошумча алынган маалыматтарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Президенти аталган кеңештин 17 талапкер боюнча сунуштарына макулдугун берди.

Президенттик аппараттан кабарлашкандай, ар кайсы мамлекеттик органдардан кошумча алынган маалыматтарды жана пикирлерди изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча Алмазбек Атамбаев 7 талапкер боюнча материалдарды Судьяларды тандоо кеңешине кайтарып берди.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти 3 жарлык чыгарды.

Биринчи жарлык менен сынакта тандалган 17 талапкер Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мөөнөт менен жергиликтүү соттордун судьялык кызматына дайындалды: Акматов Абдималик Алиевич, Асылбашев Данияр Куванычбекович, Бапанова Гүлмира Шериевна, Жолдошов Иматилла Султанович, Жолчу кызы Сапаргүл, Калмамат уулу Алтынбек, Каримбеков Ниматилла Исмаилович, Маматалиева Нуржамал Исмаиловна, Матенов Таалайбек Убанкожоевич, Өскөнов Данияр Айтмаматович; Осмоналиева Уулкан Мыкталиевна, Осмонов Сотибек Ырыскулович, Садыков Алтынбек Кадырбаевич, Сарыев Медетбек Аскарбекович, Смадиярова Айжан Алимжановна, Төлөнбаев Аманбек Ыдырысович, Турдумбетов Мунарбек Шерматович.

Экинчи жарлык менен дайындалган 17 судья судьялык ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад, Майлуу-Суу жана Таш-Көмүр шаардык сотторуна, Ноокен, Сузак, Тогуз-Торо, Токтогул жана Чаткал райондук сотторуна жиберилди:

- Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук сотуна:

Өскөнов Данияр Айтмаматович;

Турдумбетов Мунарбек Шерматович.

- Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотуна:

Жолдошов Иматилла Султанович;

Жолчу кызы Сапаргүл;

Маматалиева Нуржамал Исмаиловна;

Осмоналиева Уулкан Мыкталиевна;

Смадиярова Айжан Алимжановна.

- Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук сотуна:

Керимбеков Ниматилла Исмаилович;

Төлөнбаев Аманбек Ыдырысович.

- Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотуна:

Бапанова Гүлмира Шериевна.

- Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук сотуна:

Осмонов Сотибек Ырыскулович.

- Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык сотуна:

Асылбашев Данияр Куванычбекович.

- Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык сотуна:

Садыков Алтынбек Кадырбаевич.

- Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык сотуна:

Калмамат уулу Алтынбек;

Сарыев Медетбек Аскарбекович.

- Ош шаардык сотуна:

Акматов Абдималик Алиевич;

- Матенов Таалайбек Убанкожоевич.

Үчүнчү жарлык менен Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу (1 адам) шаардык сотунун, Ноокен (1 адам), Сузак (2 адам), Тогуз-Торо (1 адам) жана Чаткал (2 адам) райондук сотторунун иштеп жаткан судьялары кызматынан бошотулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан