1933-жылы 10-апрелде мамлекеттик жана коомдук ишмер Абсамат Масалиев азыркы Баткен облусунун Кадамжай районуна, мурдагы Ош облусунун Фрунзе районуна караштуу Алыш кыштагында туулган. Абсамат Масалиев 1953-жылы Кызыл-Кыя тоо-кен техникумун, үч жылдан соң Москвадагы Тоо-кен институтун, кийин эки жылдык Жогорку партиялык мектепти бүтүргөн. Тоо-кен инженери болуп иштеп, кийинчерээк коммунисттик партиянын жооптуу кызматына өткөн.
Ал Кыргыз ССРинин коммунисттик партиясынын 1-катчысы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасы, КРнын Мамлекеттик техникалык көзөмөл мекемесинин (Госгортехнадзор) директору болуп иштеген. 1995-жылдан тартып Жогорку Кеңештин депутаты болгон.