Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк "Премьер-министр менен 10 мүнөт" телеберүүсүндө отставкага кетерин жарыялады. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, Украинанын парламенти Яценюктун өз каалоосу менен отставкага кетүү маселесин эртең, 12-апрелде карайт. Яценюктун айтымында, анын отставкага кетишинен кийин Украинанын жаңы өкмөтү шайланып, парламенттеги конституциялык көпчүлүк түзүлүшү керек.
"Премьер-министрдин милдеттерин өз моюнумдан алып таштап, мамлекет алдындагы улуттук милдетимди абийирим менен баса белгилеп жатам. Өзүмдүн ыйгарым укуктарымды өкмөттүн башчысынын ыйгарым укуктарынан кененирээк көрүп жатам",- деди Яценюк.