Жогорку Кеңештин 13-апрелдеги жалпы жыйынында Балыкчы - Корумду унаа жолун оңдоп-түзөө иштерин текшерүү боюнча парламенттин убактылуу комиссиясы маалымат берет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 13-апрелдеги күн тартибине жалпысынан 21 маселе киргизилген. Аталган маселе жумушчу күндүн соңунда каралмакчы. "Анын жүрүшүндө Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата – Корумду унаа жолунун узундугу 104 чакырым аймагын реконструкциялоо, Бишкек шаарынын жана “Манас” Эл аралык аэропортунун ортосундагы унаа жолунун узундугу 23,027 чакырым аймагын капиталдык оңдоо, малдарды идентификациялоо үчүн пайдаланылуучу техникалык жабдууларды сатып алуу боюнча тендерлердин мыйзамдуулугун кароо жана иликтөө боюнча Жогорку Кеңештин убактылуу депутаттык комиссиясы ишинин жыйынтыктары менен тааныштырат",- деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, аталган депутаттык комиссиянын айрым мүчөлөрү Балыкчы - Корумду унаа жолун оңдоп-түзөө иштери боюнча тендер мыйзамсыз өткөрүлгөнү үчүн премьер-министр Темир Сариевди айыпташкан. Т.Сариев өз кезегинде бул маселеге тиешеси жок экенин билдирген. Президенттин тапшырмасы менен Улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматы аталган тендер боюнча текшерүү иштерин жүргүзүүдө.