Бүгүн, 11-апрелде Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутаты Тилектеш Исаев кызматтык батирден баш тартуу боюнча арызын жазды. Бул тууралуу КСДПнын басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, Т.Исаев батирди жакынкы күндөрү бошотуп бермекчи. "Ушул жумада КСДП парламенттик фракциясынын катчылыгынын жаңы курамы фракциянын депутаттарына кызматтык батирлердин берилүүсүнө байланыштуу жагдайды аныктоону баштады. Анткени эл өкүлдөрүнүн жеңилдик жана артыкчылыктарга байланыштуу бардык чечимдер моралдык, этикалык нормаларга ылайык келип, партиянын беделине зыянын тийгизбеши керек",- деп айтылат маалыматта.