Бүгүн, 11-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясы 27-мартта орун алган жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо боюнча жыйын өткөрдү. Жыйында партиялар тарабынан сунушталган талапкерлердин тизмесине киргизилген өзгөртүүлөр каралып, бекитилди. Ошондой эле айрым шайлоо тилкелеринен келип түшкөн арыздар каралып, шайлоо жана анын жыйынтыктары боюнча протокол бекитилди.
Маалым болгондой, Каракол шаары боюнча "Өнүгүү-Прогресс", "Кыргызстан", "Республика-Ата Журт" партиялары тизмеге өзгөртүү киргизишкен. Ал эми Токмок шаары боюнча талапкерлердин тизмесин "Республика-Ата Журт" жана КСДП өзгөрткөн. Ош шаары боюнча талапкерлердин баштапкы тизмесиндеги айрым талапкерлер "Өнүгүү-Прогресс", "Бир бол", "Кыргызстан" партияларында алмаштырылган.
Жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов аппаратка түшкөн арыздардын негизинде айрым аймактар боюнча иштерди карап чыгууну тапшырды. Ошондой эле шайлоочуга партиянын аталышы белгиленген бюллетендер берилгени жана башка кырдаалдар боюнча арызды прокуратурага өткөрүп берүүнү буйруду.
Кошумчалай кетсек, үстүбүздөгү жылдын 27-мартында өлкөнүн 6 шаарында жана бир катар айыл аймактарында жергиликтүү кеңештерге шайлоо болуп өткөн.