"Балыкчы - Корумду жолундагы кемчиликтерге Транспорт жана коммуникация министрлиги жооптуу",- деп айтты аталган министрликтин өкүлү Жамшид Калилов 12-апрелдеги өткөн маалымат жыйында. "Ишти аткаруучу министрлик болгондон кийин кемчиликтерге да жооп берет. Ал эми жолду куруп жаткан ишкана өз учурунда керектүү техникалары жок болгондуктан, Бишкектеги жана Ысык-Көл облусундагы техникаларды жыйнап, "биздин техникалар" деп көрсөткөн",- деди Калилов.
"Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Темир Сариев аталган жолдун курулуш иштерин 2016-жылдын август айына бүткөрүү тапшырмасын койгондо министрлик жол белгиленген убакытка бүтпөй турганын жооп кылган. Мына ушундай шашылыш болгондуктан, тендер учурунда айрым жагдайлар эске алынбай калган",- деди министрликтин өкүлү Мелис Алыпсатаров.