"Кыргыз тарап Максим Бакиевге карата соттук доо арызды сотко берүүгө үлгүрдү" дейт башкы прокурор

Кыргыз тарап Максим Бакиевге карата жарандык доо арызды Улуу Британиянын сотуна берүүгө үлгүрдү. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин Укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин биргелешкен жыйынында башкы прокурор Индира Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган экономикалык кылмыштар боюнча айыпталган Максим Бакиевге карата соттук дооматтын эскирүү мөөнөтү 2016-жылдын 6-апрелинде бүткөн. "Бирок биз жарандык доо арызды сотко берүүгө үлгүрдүк. Бул маселе боюнча Башкы прокуратура жардамчы ролун ойноп, тиешелүү материалдар жана маалыматтар менен камсыздоо иштерин жүргүздү",- деди Жолдубаева.

Айта кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева интернеттеги социалдык тармагындагы жеке баракчасында "Жакында парламенттер аралык достук тобу менен Улуу Британияга болгон иш сапарымдын жүрүшүндө, биздин өкмөт аталган өлкөдө жашаган Максим Бакиевге карата соттук доодон баш тартканы тууралуу билип алдым" деп жарыялаган. Өкмөттүн басма сөз кызматы "өкмөт Максим Бакиевге карата соттук доо арыздан баш тартты" деген маалыматты четке каккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан