Бишкек шаарында Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо Жогорку Кеңештеги “Ырыс алды - ынтымак” көпчүлүк коалициясы Кубогу үчүн кичи футбол боюнча мелдеш өткөрөт. 6-7-апрелде өтчү бул иш-чарага мамлекеттик мекеме, ишканалардын, өкмөттүк эмес уюмдардын жана ММК өкүлдөрүнүн командалары катышат. Ар бир команда 5000 сомдон чогултуп, бул каражат Чүй облусундагы балдар үйүнүн бирине жардам катары берилип, аталган мекеменин материалдык-техникалык абалын жакшыртууга жумшалмакчы.