Мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жоюуга багытталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 13-апрелдеги жыйынында каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрага орун басары Улан Примовдун айтымында, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө” мыйзамдын 8-беренесинде камтылган жобо "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" мыйзамдын жоболоруна каршы келип калган. Мындай мүчүлүштүк эл аралык насыя каражаттарын алуу жүрүмүндө кыйынчылыктарды туудурат.
Мыйзам долбоору аркылуу өкмөт тарабынан кол коюлган жана республикалык бюджеттин эсебинен жабылган чыгымдардын көбөйүшүнө же анын киреше бөлүгүнүн кыскарышына алып келген каржылык милдеттер каралган тышкы зайым жөнүндө макулдашууларды "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" мыйзамга ылайык ратификациялоо сунушу киргизилүүдө.