Темир жолчу Темике…

Чакан бизнес баштоо үчүн акчадан мурда туура багыт тандоо менен кыраакылык керек. Капчыгында сокур тыйыны жок туруп, дымагы күч тобокелчилер бизнесте кыр ашат эмеспи. Сөзүбүз кур болбошу үчүн жаңыдан бутка туруп, ишти нугуна салууга жетишкен Балыкчы шаарындагы жеке ишкердин ийгилиги менен тааныштыралы.

Темирбек УрмакеевКалсам ашуунун ары же бери жагында калармын деген Темирбек Урмакеев үч жыл мурун пескоблок чыгаруучу ишкана ачкан. Кесиби боюнча темир жолчу Темике мырза СССР ыдыраганы түрдүү жумуштарды аркалап, ишкердикке чейинки акыркы жылдарында башкалардын пескоблок чыгаруучу цехинде эмгектенчү.

Бул жаатта тажрыйба топтоп, ушундай эле цех ачуу максатында "Балыкчы Финанс" чакан насыя агенттигинен эки жылга 200 000 өлчөмүндө насыя алат. Каражатка станок, бетон аралаштыргыч, чийки зат жана башка керектүүлөрдү сатып алган. Баштаган иши жүрүшүп, алынган карызды убагында жабууга да жетишет. Бара-бара чыгарган өндүрүмү суроо-талапка ээ болуп, көлөмдү көбөйтүү үчүн былтыр үч жылга дагы 300 000 сом алган ишкер:

"Кийинкисинде пескоблок чыгаруучу станоктун кубаттуураагын жана таш төшөлгө станогун сатып алдым. Буюрса, иш жакшы. Мурда күнүнө 300-400 даана пескоблок чыгарсак, учурда сатып өткөрүүгө карап орточо 700дөн чыгаруудабыз. Бул жаңы станок менен 1000ге чейин чыгарса болот. Былтыртан тарта жыл бою иштөөгө өттүк. Кышкысын бизде кар жатпайт, ал эми суунун ордуна тоңдурбоочу атайын каражаттарды колдондук",- дейт. Темир мырза төрт адамды ишке алып, 15 күндө 7000 сомдон айлык төлөөгө жетишкен. Бизнеси кеңейсе кошумча иш орундары ачылары бышык.

Ишкердин пескоблок чыгарган жабдуусуТ.Урмакеевдей насыя алган 250 кардары бар агенттиктин директору Кеңешбек Дүйшөмбиевдин айтымында, насыянын 97 пайызы кайтарылат. Ал эми бирин-экин банкротко учурап калгандардын күрөө койгон мүлкүн тартып алган учур болгон эмес. Тескерисинче, аларга көмөктөшүп, сүйлөшүү жолдору менен мүмкүн болгон жеңилдиктерди карап, абалдан чыгууга шарт түзөрүн айткан Кеңешбек мырза:

"Биздин башкы максат - ишкерлердин алдыга кадам шилтөөсүнө түрткү берип, жумуш орундарын түзүү аркылуу Балыкчынын экономикасын көтөрүү. Өкмөт райондордо 50 иш оруну түзүлсө чоң көрсөткүч дейт. Биздин кардарлар былтыр эле 200 жумушчу орун түзүшүптүр. Балыкчыдай чакан шаар үчүн бул чоң жетишкендик. Көбүнчө өндүрүш жана кайра иштетүүгө басым жасап, иш орундары түзүлүп, өндүрүшкө жергиликтүү калктын товарларын да сатып алууларга өбөлгө түзүлүүдө",- дейт.

2012-жылы негизделген "Балыкчы Финанс" - "Кумтөр" уюштурган үч насыялык уюмдун бири. Балыкчы, Жети-Өгүз жана Тоңдогу каржы мекемелери аймак тургундарын жылдык үстөгү 10-12 пайыз арзан насыя менен 1 жылдан 4 жылга чейинки мөөнөттө 500 миң сомго чейин камсыздайт. Каржы уюмдарынын ишмердүүлүгүн жергиликтүү кеңештин депутаттарынан, активисттерден, "Кумтөрдүн" менеджерлеринен түзүлгөн Байкоочу кеңеш жана Улуттук банк тескейт. Долбоордун башында "Балыкчы Финанска" 15 миллион сом кайтарымсыз негизде каражат бөлүнгөн, ал эми 2015-жылы каржы куржуну 40 миллион сомго жеткирилди.

Жакында эле жазгы талаа иштерине карата агенттикке дагы кошумча 50 миң доллар жардам көрсөтүлдү. Аймакты туруктуу өнүктүрүүгө арналган чакан насыялар долбоору учурда өзүн өзү актоого жетишип, кирешеге чыкты. Эми “Кумтөр” каржылоону токтотуп, “Балыкчы Финанс” өз алдынча бутка турган, кирешелүү уюм катары Темирбек мырзадай балыкчылыктарга кызмат кылуусун улантмакчы.

Айтемир Аскеров

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
tynkatar03
2016-04-15 14:15:33
Жакшы эле жеке бизнес жонундо соз болуп келе жатып эле артынан кумторду айтасынар же бул рекламалык маанайдагы макалабы. Темикеге ийгилик дечи ишине береке берсин.
+4
Abdurahman
2016-04-15 14:47:15
Налоговою сразу барса керек давай налог деп. Бизде ушундай ишкерлерге шарт тузуп бериш керек буттан тартпай
+5
Kroxa
2016-04-16 20:07:10
Жакшы Ийгилик,,,торт кишиге беш кундо 7000 ден маяна жакшы жумушчуларды камсыз кылып жатканы кубантат...
+2
Aidai5555
2016-04-18 13:04:50
Болдуңуз эми, кайра-кайра кредит албай))) Ушуну эле Кудай кут кылсын деп алып кетиңиз...(кредиттин пайдасынан зыяны көбүрөөк экенин көрүп жатабыз го, канчалар үй-жайынан ажырап жүрүшөт, ошон үчүн кредит тууралуу сөз болсо эле чочулайм да )))))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан