Алмазбек Атамбаев Япониянын премьер-министрине көңүл айтты

Президент Алмазбек Атамбаев көптөгөн курмандыктарга алып келген Кюсю аралындагы жер титирөөгө байланыштуу Япониянын премьер-министри Синдзо Абэге көңүл айтты.

Президенттик аппараттан билдиришкендей, Алмазбек Атамбаев курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалай тургандыгын билдирди.

"Кыргыз Республикасынын эли ушул оор учурда япон элинин азасын тең бөлүшөт",- деп айтылат мамлекет башчынын телеграммасында.

Эскерте кетсек, Япониянын түштүк-батыш тарабындагы Кюсю аралында жайгашкан Кумамото шаарында 14-апрелде 7, 16-апрелде 7,3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Анын кесепетинен каза болгон адамдардын саны 42ге жетти. Имараттар кыйроого учурап, 400дөй адам жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Кээ бир кыйроолор тилкесинде өрт токтобой жаткандыгынан улам газ берүү токтотулуп, электр жарыгы өчүрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан