Өлкөдөгү мектептерде 2025-2026-окуу жылындагы каникулдардын убактысы белгилүү болду. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин базистик окуу планында жазылат.
Маалыматка ылайык, окуу 1-сентябрда башталып, 25-майда аяктайт.
Окуучулар күзүндө 5-9-ноябрга чейин каникулга чыгышат. Ал эми сабактар 10-ноябрда башталат. Кышкы каникул 12 күнгө созулат. Тактап айтканда, окуучулар 31-декабрдан 2026-жылдын 11-январына чейин эс алышат. Окуу 12-январда башталат. Жазгы каникул 6-мартта башталып, 8-мартта аяктайт.
Ал эми май айындагы майрамдарга (1-10-май күндөрү) байланыштуу окуучулар 10 күн эс алышат.