Кара-Суу, Чолпон-Ата, Ош шаарларын таза суу менен камсыз кылуу боюнча Европа менен макулдашуулардын долбоорлорун парламент комитети жактырды

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитети Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кара-Суу шаарын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо” долбоору боюнча гранттык жана насыялык макулдашуунун долбоорун жактырды.

Макулдашуу шарттарына ылайык, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Кара-Суу шаарын таза суу менен камсыз кылуу жана канализациясын оӊдоо багытында 6 миллион евро өлчөмүндө каражат бөлөт. Анын бир бөлүгү жеңилдетилген насыялык каражат, ал эми калган бөлүгү гранттык каражат болуп саналат.

Андан сырткары ушул эле өңүттөгү “Чолпон-Ата шаарынын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо” долбоору, “Ош шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо (II фаза)” долбоору боюнча гранттык жана насыялык макулдашуу” долбоорлору да жактырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан