Рыскулбек Жапаркулов өкмөт аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчиси кызматынан бошотулду

Рыскулбек Жапаркулов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Айта кетсек, буга чейин Р.Жапаркулов ИИМдин 10-Башкы башкармалыгынын жетекчиси жана ички иштер министринин орун басары болуп иштеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан