Бүгүн, 19-апрелде Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында парламенттин төрагасы кызматына эки талапкер комитет мүчөлөрүн өз программалары менен тааныштырат. Жыйын саат 10:00дө башталмакчы. Эгер комитет талапкерлерди жактырса, эртең парламенттин жалпы жыйынында төраганы шайлоо өткөрүлөт.
Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңештин төрагасы жашыруун добуш берүү аркылуу Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен шайланат.
Айта кетсек, 13-апрелде Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Асылбек Жээнбеков агасы Сооронбай Жээнбеков премьер-министрликке шайланып жатканына байланыштуу ээлеген кызматынан кеткен эле. Учурда анын ордуна "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев же "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев келгени жатат.