Бүгүн, 19-апрелде Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети парламенттин төрагасы кызматына Канат Исаевдин жана Бакыт Төрөбаевдин талапкерликтерин жактырды. Депутат Өмүрбек Бабановдун сунушу менен бул маселе талкуусуз өттү. Комитеттин чечимине ылайык, эртең парламенттин жалпы жыйынында аталган талапкерлер өз программасы менен депутаттарды тааныштырышмакчы. Андан соң төраганы шайлоо өткөрүлөт.
Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңештин төрагасы жашыруун добуш берүү аркылуу Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен шайланат.
Айта кетсек, 13-апрелде Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Асылбек Жээнбеков агасы Сооронбай Жээнбеков премьер-министрликке шайланып жатканына байланыштуу ээлеген кызматынан кеткен эле. Учурда анын ордуна "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев же "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев келгени жатат.