Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасын шайлоо процесси жүрүүдө. Анда эки талапкер: "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев жана "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө.
Депутат Улан Примов талапкерлердин 2017-жылы өтүүчү президенттик шайлоого катышар-катышпасына кызыкты. Канат Исаев "президенттик шайлоого катышуу - бул Кудайдын буйругу" деп жооп берди. "Меним оюмча, менин жаш курагым 2017-жылы өтүүчү президенттик шайлоого ат салышууга эртелик кылат. Ал эми кийинки шайлоого чейин ден соолук берсе көрөбүз",- деди Исаев.
Экинчи талапкер Бакыт Төрөбаев 2017-жылы өтө турган президенттик шайлоого ат салышуу планында жок экенин айтты. "Мен 2020-жылкы парламенттик шайлоого партиям менен ат салышууну пландап жатам",- деп жооп берди Төрөбаев.